Бишкектеги чач боёо тенденциялары: 2027-жылы эмне актуалдуу жана чачыңызды кантип бузбай сактоо керек ?
Instagramды карап, идеалдуу блонддун сүрөтүн сактап, чеберге жазыласыз… ал эми үч сааттан кийин салондон саргайган чач жана «мен муну эмнеге кылдым?» деген ой менен чыгасыз. Таанышпы? Бишкекте азыр 250дөн ашуун салон жана жеке чебер иштейт, бирок чындап эмне кылып жатканын түшүнгөн колористти табуу кыйын.
Бул макалада — Бишкектеги чач боёо тенденциялар: чыныгы талдоосу, ошондой эле чеберди кантип тандоо жана түстү кантип узак сактоо боюнча практикалык кеңештер.
Трендде эмне бар: эң көп суралган 5 техника
AirTouch — сезондун башкы хит болуп саналат.
AirTouch — бул чебер фен колдонуп, кыска жана ичке түктөрдү «учуруп», боёого узунураак талдарды гана калтырган техника. Натыйжа — кескин өтмөлөрү жок, максималдуу табигый көрүнгөн жумшак градиент.
Бишкекте бул техниканы кобунчосу өздөштүрө элек. Эгер чебер «AirTouch» менен «шатушту» синоним катары айтса — бул кооптуу белги. AirTouch өзүнчө даярдыкты жана жабдууну талап кылат.
Шатуш техникасы — кескин өзгөрүүнү каалабагандар үчүн ылайктуу.
Шатуш балаяжга окшош, бирок айырмасы бар: боёодон мурун талдар таралып, боёк чачырап түшөт. Натыйжада күнгө күйгөн чачтын эффекти пайда болот — табигый жана кооз корунот.
Бул техника күңүрт чачтарга ылайыктуу, жана кобунчо радикалдуу агартууну каалабагандарга сунушталат.
Балаяж — модадан чыкпаган классика болуп эсептелинет.
Балаяж — талдарды ар кандай деңгээлде агартып, күнгө күйгөн чачтын эффектин жаратууну келиштирет. 2026-жылы балаяж жумшагыраак болду: кескин контрасттар жок, тек жыламык өтмөлөр гана бар.
Тоталдык блонд — бул тайманбастар үчүн жаралган техника болуп эсептелинет.
Эгер сиз саргайуусуз муздак блондду көптөн бери кыялданып жүрсөңүз — бул чынында мүмкүн, бирок тажрыйбалуу колорист менен гана кенешуу зарыл. Себеби: тоталдык агартуу — бул чач үчүн эң травмалуу процедура. Туура даярдык жана аралык кам көрүү болбосо, «кар ханышасынын» ордуна «чач эмес, чүпүрөк» эффектисин алып калышыңыз коркунучу жаралат.
Маанилүү: Бишкекте тоталдык блонддун баасы чачтын узундугуна жана чебердин квалификациясына жараша 3000дөн 6000 сомго чейин.
Түстүү акценттер — өзгөчөлөнүүнү каалагандар үчүн:
Ачык кызгылт, көк же кызгылт көк талдар — Кореядан келип, Бишкекте бекем орногон тренд. @rano_li сыяктуу чеберлер ачык акценттер менен креативдик боёону жасашат. Бул радикалдуу өзгөрүүсүз түстү сынап көрүүнүн эң жакшы жолу.
Бишкектеги чач боёо тенденциялар: колористти кантип тандоо керек: чек-лист
1. Портфолиону караңыз, бааны эмес. Арзан боёо — бул лотерея. Эгер чебер татаал боёону 1500 сомго сунуштаса, өзүңүзгө суроо бериңиз: ал эмнеден үнөмдөйт?
2. Чебер профессионалдык косметика менен иштейби, текшериңиз. Ал кайсы бренддерди колдонорун сураңыз. Эгер жообу «эсимде жок» же «эмне айырмасы бар» болсо — дароо кетиңиз.
3. Процедурага чейин чачтын абалы жөнүндө сүйлөшүңүз. Жакшы колорист ар дайым тобокелдиктер тууралуу эскертип, чачыңыз агартууга даяр эмес болсо, башка мумкунчулукторун сунуштайт.
4. Баага эмнелер кирерин, тактаңыз. Көп чеберлер тонирование, калыбына келтирүү жана укладка үчүн өзүнчө алышат. Жыйынтыкта сумма бир жарым-эки эсе өсүшү мүмкүн.
Чебердин кол кап кийгенин байкайныз. Же иштеген щеткасы үстөлдө иштетилбей жатканын көрсонуз, бул майда нерсе эмес — бул мамиленин көрсөткүчү. Эгер чебер баштапкы гигиенага көңүл бурбаса, дагы мындан аркысын болжолдой берсениз болот.
Боёодон кийинки кам көрүү: түстү кантип сактоо керек:
Боёо — иштин жарымы гана болуп эсептелинет. Калганы — түстү сактагандык жана чачтын структурасын калыбына келтиргенге кам көрүүсу болуп эсептелинет.
Алгачкы 72 саат: башыңызды жуубаңыз. Боёк бекилиши үчүн убакыт керек.
Шампунь: боёлгон чач үчүн сульфатсыз каражаттарды колдонуңуз. Сульфаттар пигментти жууп, түс тез өңүн жоготушу мумкун.
Маска: жумасына бир жолу кератин же аминокислоталуу калыбына келтирүүчү маска колдонунуз.
Термокоргоо: үтүк же фен колдонсоңуз, термокоргоосуз болбойт. Бул өзгөчө агартылган чачтарга тиешелүү.
Азыр Бишкекте профессионалдык кам көрүүнү заказ кылуу жеңилдеп баратат. Мисалы, Aravia Professional косметикасы Кыргызстандын рыногуна расмий чыкты — бренддин өлкөдөгү сатуусу 16 миллион рублдан ашты. Боёлгон чач үчүн шампундар, маскалар жана жуулбай турган спрейлерди Бишкекке жеткирүү менен заказ кылса болот. Шаар боюнча керектүү каражатты издеп жүргүңүз келбесе, бул ыңгайлуу.
Эгер натыйжа күткөндөй болбосо эмне кылуу керек
Бул оорулуу тема. Сиз сүрөт көрсөтүп, «муздак күлдүү блонд» каалайм деп түшүндүрөсүз, бирок «жылуу карамель» аласыз. Эмне кылуу керек?
1. Паника кылбаңыз. Кээде түс бир нече күндүн ичинде «отурат».
2. Чебер менен байланышыңыз. Жакшы колорист акысыз коррекция сунуштайт.
3. Үйдө оңдоого аракет кылбаңыз. Ийгиликсиз боёонун үстүнөн агартуу — олуттуу бузулууга жол.
4. Чачыңызга калыбына келүүгө убакыт бериңиз. Эгер структура бузулса, адегенде дарылоо, анан түстү коррекциялоо зарыл.
Текшерилген чеберлерди кайдан издөө керек:
Бишкекте чеберлер ар кандай форматта иштешет: кээ бири борбордогу салондо кресло ижарага алат, кээ бири Асанбай же Кок-Жар сыяктуу турак жай массивдеринде үйдө кабыл алат. Баалар да ар башка: узундугуна жөнөкөй боёо — иш үчүн 2000 сомдон, татаал боёо — 5000 сомдон жогору.
—
Салондон «боёгонумдун ордуна боёбогонум жакшы болмок» деген ой менен чыккан учур болду беле? Комментарийлерде айтып бериңиз.
Макала сиздин конулунузго туура келсе болушуп коюнуздарды суранабыз.
—
#чачбоёо #колористбишкек #блондбишкек #сулуулукбишкек #чачкамкору
#airtouchбишкек #шатушбишкек #балаяжбишкек #чачбоёоби

Добавить комментарий
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.